«Игра в кальмара» сериалындагы актриса каза болду

0

Түштүк Кореянын популярдуу «Игра в Кальмара»
(«Кальмар оюну») сериалындагы ролу
аркылуу таанылган актриса Ли Жущиль ашказан
рагынан улам каза болду. Бул тууралуу
түштүк кореялык басылмалар жазып чыгышты.
Актрисага үч ай мурун эле коркунучтуу диагноз коюлган. Ал
өмүрүнүн акыркы күндөрүн Ыйжонбу ооруканасында өткөргөн.
Акыры оорунун күчөшүнөн анын жүрөгү токтоп калган.
Актриса менен коштошуу жана акыркы сапарга узатуу 5-февралда болмокчу.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.