Индияда табышмактуу оорудан кеминде 16 адам каза болду

0

Индияда белгисиз оорудан кеминде 16адамдын мээлери шишип, каза болду.
Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, каза болгондор Жамму жана Кашмир штаттарында катталган. Маркумдардын баары үч үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Жалпысынан 38 адам илдетке чалдыккандардын тизмесинде.
Алардын бардыгында бирдей симптомдор бар: ысытма, жүрөк айлануу, алсыздык. Ала эми каза болгондордун бардыгынын мээлери шишиген.
Мындан улам Индия бийлиги Жамму жана Кашмир штаттарында
карантин жарыялады. Ошондой эле жергиликтүү калкка массалык
иш-чараларды өткөрүүгө жана катышууга тыюу салынган. Мындан
тышкары, жергиликтүү калк жеген бардык тамак-аштарды текшерүү
үчүн кызматкерлер дайындалды.
Белгисиз оорудан каза болгон маркумдардын үйлөрү жабылды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.