Израил өкмөтү Газадагы согушту токтотуу тууралуу макулдашууну жактырды

0

Израил өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму менен түзүлгөн макулдашууну жактырды.

Министрлер кабинетинин жума күнкү жыйыны түн бир оокумга чейин уланды жана макулдашууга ашынган оңчул эки министр каршы болду.

Документ 19-январда, жекшембиде күчүнө кирет жана ошол күнү ХАМАС туткундарды бошотууну баштайт.

Катарда 17-январга караган түнү тараптар макулдашуунун соңку версиясына кол коюшкан.

Израилдин өкмөтү ок атышууну токтотууга байланыштуу макулдашууну кароо үчүн бейшембиде эле чогулмак. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху ХАМАС менен «соңку мүнөттөрдө жаралган пикир келишпестик» документти толук бекитүүгө тоскоолдук жаратканын билдирген. ХАМАСтын өкүлдөрү арачы өлкөлөр жарыялаган макулдашуунун бардык жол-жоболорун аткарууга даяр экенин айткан.

Булак: Азаттык

 

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.