Көчмөндөр оюндарынын ачылышын жалпы калкка түз алып көрсөтүү үчүн «Ала-Тоо» аянтында чоң фан-зона уюштурулмай болду. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
«Түз эфир башталганга чейин концерттик программа тартууланат. Ошондой эле фан-зонанын аймагында тамак-аш саткан жайлар ачылып, эс алууга ылайыкталган аянтчалар иштейт», — деп муниципалитеттин маалыматында жазылган.
Мындан сырткары, ШКУ саммитин да ушул аймактан көрсөтүүнү чечишкен.
Шаар бийлиги ошондой эле борбор калаанын төрт районунда дагы 10 фан-зона уюштуруларын кошумчалады.
Эске салсак, Кыргызстан бул сапар уюштуруп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтмөкчү.