2025-жылдын 1-январына карата Казакстандын калкынын саны 20 млн 286 миң 84 кишини түздү. Мындай маалыматты Казакстандын Улуттук статистика бюросу билдирди.
Алардын ичинен 12 млн 774 миң 743 киши (62,9%) шаарда, 7 млн 511 миң 341 киши (37,1%) айылда жашайт.
Жалпы калктын ичинде 10 млн 373 миң 918 аял (51,1%) жана 9 млн 912 миң 166 эркек (48,9%) бар.
2024-жылы Казакстанда 368 миң 670 бала төрөлсө, 133 миң 592 киши каза болгон. Табигый өсүш 235 миң 78 кишини түздү.
Бир жылда өлкөгө 29 миң 948 киши туруктуу жашоо үчүн барса, 12 миң 784 киши чыгып кеткен.