Коронавирустан кийин жыт сезүүнү кантип калыбына келтирүү керек? Адистен кеңештер

0

COVID-19 менен ооруп айыккандар жытты адатта 14 күндүн ичинде кайра сезе баштайт, бирок айрым учурда андан да көп убакытта пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Прайм» агенттигине Россияда коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптардын оорусун аныктоо борборунун жетекчиси Мария Петина билдирди.

«Айрым окумуштуулар вирус мурун көңдөйүндө жайгашкан жыт сезүүчү нерв талчаларын жабыркатат дешет. Гарварддын неврологдору вирус жыт сезүүчү нерв талчаларынын айланасында жайгашкан клеткаларга да зыянын тийгизет деген пикирде. Анткени дал ушунда вируска клеткаларга кирүүгө жардам берген ACE2 белогу бар. Кошумча клеткалар жок биздин жыт сезүүчү нейрондор толугу менен иштей албай, гипосмия (жыт сезүүнүн төмөндөшү) же аносмия (жыт сезүүнүн жоголушу) келип чыгат», — деген медик.

COVID, сасык тумоодон кийин дене табы эмнеге көтөрүлөт? Түшүндүрмө
Анын айтымында, коронавирустук аносмияны калыбына келтирүү үч күндөн үч айга чейин созулат. Петина айрым учурда бейтаптарга жыт билүүнү кайтаруучу көнүгүүлөр сунушталарын айткан. Маселен, эфир майлары сыяктуу жыпар жыттарды жыттаса болот.
Ошол эле учурда адис өз алдынча дарылануудан алыс болууга чакырып, алгачкы симптомдордо эле адиске кайрылуу керектигин кошумчалады.

 

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.