«Крокус Ситидеги» чабуулдун курмандыктары 143кө жетти

0

28-мартка караган түнү Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Крокус Сити холл» борборуна болгон чабуулда набыт болгондордун тизмесин толуктады. Бул кандуу окуяда каза болгондордун саны 143кө жетти.

Аталган мекеменин расмий сайтында тизме соттук-медициналык изилдөөнүн тыянагына жараша түзөтүлүп турары эскертилген.

27-мартта күнү ооруканага жеткирилгендердин бири каза болгонун Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирген.

Министр дагы төрт бейтаптын абалы өтө оор экени, 19 адамдын, алардын арасында үч баланын да абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышканы, 34ү орточо оор абалда экени маалымдалды.

Буга чейин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз  Эдита Жусупова мененМаиза Гүлжигит кызынын аты жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.