Мээрим Жуманазарова Польшадагы турнирде алтын медаль утту

0

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду.

Ал 28-августта 68 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Кыргызстандык спортчу Германия, Венгрия, Украина жана Швециядан келген атаандаштарын жеңип алды.

Жыйынтыгында 1-орунду ээлеп, алтын медалга татыды.

Бул алтын медаль Кыргызстандын курама командасы үчүн аталган турнирдеги үчүнчүсү болду. Буга чейин Раззак Бейшекеев жана Асан Жанышов жеңүүчү аталышкан.

68 кг чейин

Биринчи раунд

Герта Барт (Германия) — Мээрим Жуманазарова — 0:5

Экинчи раунд

Ноэми Забадос (Венгрия) — Мээрим Жуманазарова — 0:10

Үчүнчү раунд

Манола Скабельска (Украина) — Мээрим Жуманазарова — 1:2

Финал

Мээрим Жуманазарова — Тиндра Сьоберг (Швеция) — 5:2

Get real time updates directly on you device, subscribe now.