Мэрия жол өтөт деген «Манас» университетинин тосмосун ала баштады. Видео

0

Бишкекте Тыналиев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектин кошо турган Миңжылкыев көчөсүн узартуу үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тосмосу техника менен алынууда.

Ишке күбө болгондордун айтымында, бир киши тосмонун алдына тура калып, бузууга каршылыгын билдирген.
Бишкек шаарынын Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басарынан күзөт кызматындагылар тоскоолдук кылганын айтышты.

«Манас» университетинин өкүлүнүн айтымында, ЖОЖдун эл аралык макамы бар жана маселе Кыргызстан менен Түркиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда чечилиши керек.
«Университеттин жетекчилиги жолдун курулушуна макулдук берген эмес. Мэриянын өкүлдөрү эч кандай уруксат кагазы жок жана эскертүүсүз келип окуу жайдын тосмосун бузуп жатышат», — деди ал.

Эске салсак, мэрия Болот Миңжылкыев көчөсүн узартууну пландап, жол Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагы аркылуу өтмөй болгон. Бул жерге жакын окуу корпустар жайгашкан. Кеп Айтматов проспектинен Тыналиев көчөсүнө чейинки тилке туурасында жүрүп жатат. Эки тилкелүү жолдун узундугу — 1,3 чакырым. Мэр Айбек Жунушалиев Миңжылкыев көчөсүн салуу 2016-жылы эле пландалгандыгын билдирген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.