Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке келди

0

Бүгүн, 31-августта Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

 

Интернеттен алынды

Фото Интернеттен алынды. Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке келди

 

Орусиянын лидери «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

Орусиянын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.