Трамптын буйругу менен АКШ мигранттарды депортациялай баштады

0

Президент Дональд Трамптын буйругуна ылайык, С-17 аскерди транспорт учактары
кармалган мигранттарды АКШдан чыгара баштады.
Бул тууралуу расмий өкүлдөр жума күнү билдирди. Ошол эле маалда Пентагон түштүк чек арага кошумча аскерлерди, анын ичинде элиталык 82-аба-десант дивизиясынын
жоокерлерин жиберүүгө даярданып жатат.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт «Депортация
каттамдары башталды» деп билдирди X социалдык тармагында.
Жума күнү АКШнын эки аскерий учагы менен Гватемалага болжолу
160 мигрант учуп келгенин Рейтер агенттиги билдирди. Эль Пасодо
(Техас штаты) жана Сан-Диегодо (Калифорнияда) кармалган беш
миңден ашуун адам жакын арада депортацияланышы күтүлүүдө.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.