УКМК: Манас шаарындагы динчил аялдардын арасында профилактикалык иш-чара өттү — ВИДЕО

0

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 12-августунда коомдук туруктуулукту чыңдоо, мамлекеттик органдар менен расмий мусулмандардын диний жетекчилигинин өз ара кызматташтыгын жакшыртуу, радикалдык мүнөздөгү диний идеологиялардын жайылышына жол бербөө жана бөгөт коюу, ошондой эле ушул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон чыр-чатактардын алдын алуу максатында Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Муфтийинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү (Казыят) менен биргеликте 2026-жылдын 12-августунда Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлгөн семинардын алкагында Манас шаарынын аялдар (динге ишенген) бөлүгүнүн өкүлдөрүнүн арасында профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Семинардын алкагында расмий мусулмандардын диний жетекчилиги жана Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин өкүлдөрү тарабынан катышуучуларга аялдар арасында салттуу исламды туура түшүндүрүү боюнча муфтият тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, салттуу исламдагы аялдардын ролу жана укуктары, аялдардын диний белгилерине байланыштуу укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө жол бербөө, ошондой эле аялдардын укуктарын коргоо боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.Ошондой эле аялдардын коомдогу ролу, коомдун жашоосуна жана өнүгүшүнө активдүү катышуу укугу боюнча маселелер көтөрүлдү.

Салттуу ислам аялдардын билим алуусуна каршы чакырык жасабай тургандыгы жана аялдардын окууга, билим алууга укуктуу экендиги белгиленди. Анткени билимдүү эне — сабаттуу, дени сак коомдун жана балдардын өнүгүүсүнүн  негизин түзөт. Ошондой эле балдарды туура тарбиялоодо, аларга үй-бүлөлүк баалуулуктарды, мамлекетке жана улуу муунга болгон урмат-сыйды сиңирүүдө аялдардын өзгөчө ролу белгиленди. Катышуучуларга аялдардын ар кандай тармактарда эмгектенүүгө жана кесиптик ишмердүүлүк менен алектенүүгө укуктуу экендиги түшүндүрүлдү.

Эл аралык терроризм жана диний экстремизм, динди туура эмес чечмелөө, анын терс кесепеттери тууралуу маселелер козголду. Диний негизде мыйзам чегинен чыккан адамдардын тагдырынын талкалангандыгы боюнча мисалдар келтирилди. Ошондой эле радикалдык мүнөздөгү интернет-ресурстардын таасиринин коркунучу, интернет булактарынан ар кандай текшерилбеген жана такталбаган диний маалыматтардын таралышы, худжраларда жашыруун жыйындарды өткөрүү, ошондой эле ар кандай шектүү диний топторго катышуунун кесепеттери тууралуу маалымат берилди.

Семинардын жүрүшүндө динди ачык түрдө үйрөнүү, балдарды мамлекет тарабынан аккредитациядан өткөн диний окуу жайларда гана окутуу керектиги айтылды. Учурда мамлекет тарабынан бул багытта тиешелүү шарттар түзүлүп жатканы белгиленди. Ошондой эле келечек муундун радикалдашуусуна жол бербөө максатында жашы жете элек балдарды чет өлкөлөрдөгү ислам теологиялык окуу жайларына окууга жөнөтүүдөн кармануу сунушталды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.