Кыргыздын 11 балбаны дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарды ээлешти

0

8-августка карата жаңыртылган Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде Кыргызстандын 11 балбаны алдыңкы ондукка кирди.

Эң мыкты көрсөткүчтү грек-рим күрөшүнүн 87 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Асан Жанышов көрсөтүп, дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээледи.

Дагы үч кыргызстандык балбан рейтингде экинчи орунда турат. Алар Айпери Медет кызы, Нурзат Нуртаева жана эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев. Ал эми Бекзат Алмаз уулу 3-орунда турат.

Мээрим Жуманазарова жана Улан Муратбек уулу 5-орунду ээлешсе, Раззак Бейшекеев 6-орунга жетти.

Алдыңкы ондукту Афтандил Таалайбек уулу, Гүльнура Таштанбекова жана Орозобек Токтомамбетов жыйынтыктап турат

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.