10-августка карата аба ырайы

0
 10-августка караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде, күндүз Ысык-Көлдүн, Теңир -Тоонун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Ал эми жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Таласта +29…+34, Ысык-Көл облусунда +23…+28, Нарын регионунда +21…+26 градуска жетет.
Термометр Бишкекте +34…+36, Ош шаарында +36…+38, Чолпон-Атада +23…+25 градусту көрсөтөт.
Синоптиктер 10-августта өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, суу ташкындайт деген коркунучу бардыгын эскертишти.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.