Кыргызстандын тоолорунда альпинисттер тобу дайынсыз болууда. Бул тууралуу Беларустун ОНТ каналы билдирди.
Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан туристтердин экөө — Беларустун жарандары. Альпинисттер Корумду чокусунун (Алай району)Түндүк кыркасы аркылуу өткөн татаал маршруттун аягына чыккан соң байланышка чыкпай калышкан. Телеканалдын маалыматына караганда, учурда издөө операциясы башталууда.
«4-августта альпинисттер чокуга ийгиликтүү чыгып, оператор менен байланышкан. Алар түшүүгө толук даяр экенин билдирип, базалык лагерге карай жолго чыккан. Бирок белгиленген убакта көзөмөл пунктуна жеткен эмес. Учурда алар менен байланыш жок болууда», — деп билдирди ОНТ телеканалы.
Беларустун Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы Кыргызстандагы кесиптештерине дайынсыз болуп жаткан топту издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Кыргызстандын ӨКМи азырынча кырдаал боюнча үн ката элек.