Анжелика: “Асема мага чалып, “итсиң, акмаксың” деп кыйкырып телефонду коюп салды” (ВИДЕО)

0

Ырчы Анжелика актриса жана ырчы Асема ага чалып “Итсиң, акмаксың” дегенин айтат:

Күйөөсү жоктор элге даттанат. Мен элиме эле айта аламын. Ушул Асема деген кыз кечке мага чалып, “итсиң, акмаксың” деп кыйкырып-өкүрүп, телефонду коюп салып жатат. Мен айттым “кел жолугалы, сүйлөшөлү. Бирок, ортодо улуу адамдар болушу керек” деп. Мага чалып “Кой кыздар урушпагыла” деп жаткан улуу ырчы эжекелерден суранат элем. Асема экөөбүздүн сүйлөшкөн сөздөрүбүзгө күбө болуп, чекит коюп берип койбосоңуздар, мен буга чейин эле аны менен сүйлөшүүгө аракет кылгам. Бирок 1, 1 жарым ай өткөндөн кийин кайра эле башталат. Мен такыр түшүнбөйм, мага 3 пост арнаптырсың. Сага рахмат”,- дейт ал

Эске салсак, ырчылар Анжелика жана Асема Инстаграмдагы жеке баракчалары аркылуу чырдашып жатышат. Буга себеп катары актриса жана ырчы Асемага “Ырчылардын баары чуркап жүрүшөт. Сиз көрүнбөйбүз. Анжеликага “Датка” наамын бериш керек” деген комментарийге “Мени эри бар аял деп коёт”,- деген жообу себеп болгон.

Буга жооп катары Анжелика “Буга чейин эле өзүңдүн акылсыздыгыңды көрсөтүп келгенсиң. Бирок чегине жетти. Эрим жок эшек такалап жүргөн жокмун”,-деп жооп берген.

Булак:Барс Медиа

Get real time updates directly on you device, subscribe now.