Бир үй-бүлөдөгү трагедия: Бир заматта ата-энеси жана бир тууганынан айрылган жаш балдардын чоң энеси үн катты
Балыкчыда жол кырсыктан ата-энеси, бир тууганынан айрылган балдардын абалы оор. Бул тууралуу балдардын чоң энеси Күлия Токтосунова билдирди.
Анын айтымында, учурда ооруканада 2012-жылы туулган кыз, 2002-жылы жана 2003-жылы туулган балдар дарыланууда. Бирок катуу жаракат алгандыктан абалдары оор болууда.
«Балыкчынын жанында Таш-Сарай деген жерде дачасы бар эле. Анан уулум бүт үй-бүлөсүн салып алыптыр. Бирок жаан жаап калгандыктан короо жайында иш кыла албай кайра кайтышкан экен. Ошондо ушул кырсыкка кабылып отурат. Ал кырсыкта 1974-жылкы уулум жана 1978-жылкы келиним, 2008-жылкы неберем мерт кетти. 3 неберем ооруканага түштү. 2002-жылы туулган небереме Бишкек шаарынан адистер келип операция жасашты. Ал комада. Анын ойгонушун тилеп отурам. Андан кийин да бир жыл төшөктө болот дейт. Экинчи неберемдин өпкөсү начар экен. Көтөрө албай калат деп операция боло элек. Өпкөсүнүн жакшырышын күтүп жатышат. Жакшы болсо анан операция болот. Кыз да ооруканада. Азыр неберелерим жакшы болуп кетсе экен деп эле тилеп отурам», — дейт чоң эне.
Ал кошумчалагандай, уулу, келини жана небереси 10-июлда жерге берилген.
«Азырынча эмне кыларымды билбей жатам. Биздин унаа жүк ташыган унаага кирип кетиптир. Кандайча кирип кеткенин биле элекпиз. Андай болгон эмес дегендер да болуп жатат. Баш-аягымды жыйып алсам, тийиштүү адистерге барып, кырсык кандай болгонун сурайт элем.
Балдардын операциясына жардам берүүнү каалаган жарандар 0700 09 06 21 номуру менен байланышса болот. Эртең банктан эсеп ачтырам. Жардам берип коюңуздар», — деди ал.Булак Турмуш кж