Вируска чалдыккандарды үй шартында туура эмес дарылоодон абалы оорлошуп кеткендер болууда

0

Коронавируска чалдыккандарды үй шартында туура эмес дарылоонун кесепетинен абалы оорлошуп кеткендер болууда. Медиктерден кеңеш алып, атайын бекитилген протоколдун негизинде дарылануу зарыл. Бул туурасында социалдык маселелерди тескеген вице-премьер Аида Исмаилова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ар бир өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дарылоонун өзүнчө клиникалык протоколун даярдайт. Кыргызстанда мындай протокол акыркы ирет 8-июнда бекиген. Ал эми ушул шаршемби күнү үйдө жатып дарылангандар үчүн жаңы протокол иштелип чыкты.

«Тилекке каршы, үйдө жаткандар ийне сайдырып, асма уколду көп колдонушууда. Туура эмес дарылоодон абалы оорлошуп кеткендер болууда. Алар дексаметазон, эуфиллин жана алардын комбинациясындагы химиялык аралашмалары бар препараттарды колдонушкан. Жарандарга кайрыларым, өзүм билемдик менен дары сатып алып дарыланбаңыздар. Интернетте жана башка булактарда айтылган ыкмаларды колдонбоону сунуштайбыз», — деди Исмаилова.

Ошондой эле ал кыргызстандыктар үчүн клиникалык протоколду алдыңкы адистерден жана окумуштуулардан турган топ иштеп чыкканын кошумчалады.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.