Кыргыз Республикасынын эл артисти Элмирбек Иманалиев жана Гүлбү Ороскул кызынын экинчи кызы Сезим Иманалиева турмушка чыкты.
Кыз узатуу тою 8-августта Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жакын адамдардын катышуусунда өттү. Алдын ала маалыматка караганда, 23 жаштагы Сезимдин жолдошу – өзүнүн Бексултан аттуу тайпалашы. Ал Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Эки жаштын өкүл атасы белгилүү ырчы жана композитор Сыймык Бейшекеев болду.
Sign in