Өндүрүш Токтонасыров: Суук сөз, суук кабарды угуп телефонум колдон түшүп кетти

0

Өндүрүш Токтонасыров курсташы Бүбүкан Досалиева тууралуу төмөндөгүдөй эскерген.

Такси менен шаарга бараткам.Шлагбаумга жакындаганда тим олтурбай ФБ баракчаны ачсам татынакай курсташымдын сүрөтү бажырайып чыга калды, жылмайым койом. Анан улантып клавиатураны бассам эле суук сөз, суук кабар.Колумдагы телефон түшүп кетти. Бир маалда эле тааныш эмес бирөөлөр суу бүркүп, бири шоро сунуп атыптыр.Таксист ошол жерге таштаган окшойт. Жаш келин аке,эмне болду ?-дейт.Ошондо араң эсиие келдим.
Бүбүкан тууралуу бугүнкү кабарды тилекке каршы ушинтип уктум. Университеттин даярдоо курсунан аягына чейин бир туугандай болуп чогуу окуп, студенттик күндөрдүн урутулгус учурларын бирге өткөргөн курсташтан айрылуу азабын эч кимге бербесин.Олда кургурум ай,бардыгыбыздан башкача жан эмес белең. Билбейм,мага ушундай сезилчү.Мени менен жолукканда бир тууганымдай болуп ал-абалымды чын ыкыласың менен сурамжылап, анан баарын билген соң ыраазы болгонсуп сонун бир жылмайып койчусуң. Сенин ар дайым тыкан, бүйрө,таза,жадырап-жайнап жүргөнүң, ишине тың,жоопкерчиликтүү мамилең башкалар үчүн сабак эле. ТВ, радиодон эфирге чыксаң эле бул менин курсташым деп мактанып алчумун.сБыйыл күздө жакын туугандарымдын бирөө үй той бермек.сАга, менин аябай сонун ырдаган курсташым бар,ошону менен конокко келебиз деп илгери эле табыштап койгонумду кантейин. Ошол тойдо өзүң укулуктуу да,чебер да аткарчу «Өмүр»аттуу ырды суранып ырдатайын деп тилек кылган элем. Эх,Бүбүканым, эми ал ырды ким ырдайт? Өмүрдү сүйчүсүң. Биз баарыбыз өмүр деп ырдаган сени бир башкача жактырып,сени менен сыймыктанчубуз.Жашасаң болмок.Кантип,кантип кош дейбиз…

Get real time updates directly on you device, subscribe now.