Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында 17-ноябрда «Ажар» аттуу толук метраждуу тарыхый көркөм тасманы тартуу иштери башталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор кыргыз киносунун 85 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш — Үркүндүн 110 жылдыгына карата ишке ашырылууда.
Тасманын режиссёру — Кыргыз Республикасынын эл артисти Актан Арым Кубат. Сценарийди Актан Арым Кубат, Марат Алыкулов жана Арслан Капай уулу Касымалы Баялиновдун повестинин негизинде жазышкан.
Тарыхый драманын сюжети 1916-жылдагы каргашалуу окуяларды 12 жаштагы Ажар аттуу кыздын тагдыры аркылуу чагылдырат. Көтөрүлүш учурунда атасынан ажыраган кыз апасы жана миңдеген качкындар менен бирге кар баскан ашуулар аркылуу Кытайды көздөй жол тартат. Жолдо алар ачарчылыкка, суукка жана куугунтукка кабылышат. Кыйын сапарда Ажар ата-энесинен тең ажырап, томолой жетим калат.
Тасманын сценарийин «Кыргызфильм» киностудиясынын көркөм кеңеши жана Кинематография департаментинин көркөм-эксперттик кеңеши жактырган. Ал эми 2026-жылдын 20-октябрында долбоорду Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңеши колдогон.
Тасманы ишке ашыруу жана каржылоо иштери Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.