Рулу оңдон солго которулган унааларды мыйзамдаштырууга уруксат берилиши мүмкүн

0

Кыргызстанда рулу оңдон солго которулган унааларды легалдаштырып, каттоого мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Учурда чет элдик номердеги унааларды мыйзамдаштыруунун акыркы этабы жүрүүдө. Ал 1-сентябрда аяктайт. Ушул өнөктүктүн алкагында заводдон чыкканда рулу оң тарапта болгон, бирок кийин сол тарапка которулуп жасалган чет элдик номердеги машиналарды да мыйзамдаштырууга уруксат берүү каралууда.
Бирок аларды каттоо үчүн техникалык абалы жана кайра жабдылышы атайын текшерүүдөн өтүшү керек. Техникалык талаптарга жооп бербеген, коопсуздук боюнча белгиленген талаптардан өтпөгөн унаалар мыйзамдаштырылбайт.
Өкмөттүн маалыматына караганда, өлкөдө мындай унаалардын саны болжол менен 50гө жетет. Алар аз болгондуктан каттоого уруксат берүү маселесин техникалык баалоо аркылуу чечүү сунушталууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.