АТАМБАЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН ЧЫРДАШТЫ (ВИДЕО)

0

Бишкекте экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин митинги өтүп жатат.

Митингчилер Жогорку Соттун имаратына киришти. Алар башка процесстерге катышкан адвокаттардын өтүүсүнө уруксат беришкен жок.

Бир нече убакыттан кийин имаратка Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина чакырылган. Ал эми митингге чыккандарды коридордон чыгып кетүүнү суранышты. Имараттын алдынан колдоочулар милиция кызматкерлери менен чырдашты.

Эске салсак, борбор калаанын Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевди 11 жылга, ал эми мурдагы башкы прокурор Индира Джолдубаеваны 5 миллион сом айып пул төлөөгө өкүм кылган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын экс-кеңешчиси Калыбек Качкыналиев – эки жылга эркинен ажыратуу, камакта кармоо мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, ал сот залынан камактан бошотулган. Академик Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, бирок эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ага жаза берилген жок.

Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.