Айкөлдүкпү же жоопкерсиздикпи?

0


Садыр Жапаровго кайрылуу!
Ыктыярчы чек арачы миллион долларга сатылбаган эл арасында Баатыр ага аталган Бакыт Узенбаевдин уламышын эске сала кетели!
– Байыркы кыргыздар көчмөн турмушта жашаган мезгилде казактарга канатташ Таласпы, Көлбү, айтор, алар жайлоодон кыштоого түшкөн мезгилде бир калтар түлкү пайда болуп калганын көрүшүп, ышкыбоздор калтар түлкүнү алууга чамынышып, кыраан бүркүтүн да, алгыр тайгандарын дагы салышат. Эч кимиси ала албай, казактын мүнүшкөрүн чакырышса, казактын бүркүтү да ала албаптыр. Анан казак тууган «жаман бүркүттөр барбы?» деп суроо салат. Жаман бүркүттү алып келишсе, андан да начарын сурайт. «Баланчанын бүркүтү бар, бирок ал чычкан да ала албайт» деп ошону алып келишет. Ошол жаман бүркүттү таптап салса эле, ал калтарды алып коёт. «Атаңдын көрү, биздин кыраандар ала албаганды жаман бүркүт алдыбы?» деп таңгалышса, казак: «Эй, баурум, асылдын кадырын асыл билет. Сырттандын кадырына сырттан жетет. Жакшынын кадырына жакшы гана жетет. Бүркүттүн кырааны – бүркттүн сырттаны, алгыр – тайгандын сырттаны, калтар – түлкүнүн сырттаны. Жакшыга жакшынын колу барган жок. Ошон үчүн жаманын салдым» дейт. Анын сыңарындай эгемендик алгандан бери, асыл адамдар акмактардын колунан каза болот же алардын интригалары жогорулатпайт.
Манас эпосун изилдөөчүлөр, Манасчыларыбыз Манас эпосунда мекенчилдик, досчулук, сүйүү, айкөлдүк дегеле адам затка керектүү касиеттердин баары камтылган деп айтып келишет! Манас атабыз Бээжинди чабып барганда Коңурбайдан Алгарасы колго түшүп калат. Душманы болсо да бул да бир бир элдин султаны, ханы деп Алгараны кайта берип койот. Теги кытай болсода кыргызга кызмат кылган Алмамбет Алгараны мага берсең Коңурбайды эмес Кытайды сага өзүм каратып бермек эмес белем деп арманда калат! Манас атабыздын Алгараны кайта берип койгонун эпосубузда айкөлдүк катары сыпатталып келет. Аны мен тескерисинче кыргызды Эренге, Тереңге, Урумга, Турумга, тараткан, кыргыздын эртеңин ойлобой, кыргызга өч душманына мындай мамиле кылуу жоопкерчиликсиз деп эсептейм! Ошол Алгарасы менен Коңурбай жарадар кылган жаракаттан акыры Манас атабыз каза болуп Каныкейди Абыкеге алып берем деп Көбөш ордону чаап кыргыз кайта чачылат! Бул Манас атабыздын айкөлдүгү эмес, кыргыздын эртеңин тереңиреек аңдабаган жоопкерсиздигинин кесепети деп билем!
А. Атамбаев А. Акаев, К. Бакиевдер сыяктуу жемкорлукту уюшкандык менен улантып эле койбостон, Максим Бакиев менен Сапар Исаков кытайларга 150 миллион долларга сүйлөшүп койгон ТЕЦти ошол эле Сапар Исаков менен 386 миллион долларга жасатты! Эми акылга салсак 36 миллионун Сапар Исаков министрлери менен жесе калган 200 миллион долларды ким жегени белгилүү болуп турат! Мындан сырткары Батукаев, Дача Су, Кой Таш ж.б жемкорлукттардын сырткары! АША Отунбаевадан президенттик мандат алгандан кийин эле биз эми кыргызстандык болобуз деп жарыялады. Көп мезгил өтпөй эле Бекболот Талгарбеков АШАны » Кыргыз элине миң жылда бир келчү кырсык» деп айтып жазып чыкты. Азыр сизге ишенип жаткан карапайым кыргыз эли сыяктуу, ошол мезгилде АШАга ишенип жаткан көпчүлүк анын арасында мен да бармын, бир чети таң калып бир чети билип таамай айткан Бекболот Талгарбековго нааразы болуп жаттык! АША ага да токтогон жок, кийин «кыргыз ушакчы, кыргыз мал, кыргыз эл болбойт, кыргыз манкурт» деп кетеринде » Кыргызстандыктар » ды мыйзмдаштырып паспорттон улутту алып салды! А. Атамбаев Көлгө барса, Баткенди жамандап, Баткенге барса Ошту жамандап же тескерисинче. Анан дагы бир облусубузга барса бул жакты «эмне Көзкамандын урпактары башкарабы» деп облус ичинде да, мамлекет ичинде да кыргызды кыргызга тукуруп жүрдү! Эл арасында Көбөш атка конгон Көбөш Атамбаев кыргыз элине карата койнунда котур ташы жана душмандыгы бар экендигин президенттик мөөнөтүндө далилдеп кетти!
Садыр мырза, интернет айдыңында иретүү түрдө АШАны үй камагына чыгаруу талаптары койулуп жатат. Мындай талаптардын айтылышына сиздин да ойлонуппу же ойлонулбайбы Атамбаев үй камагына чыгып турса болот деп айткан сөзүңүздүн салымыда бар! А. Атамбаев суракта жүргөн адам эмес, ал биринчи иши менен соттолгон кылмышкер жана суракка келбей каршылык көргөзгөн адам!
Садыр мырза сиз да Атамбаевге айкөлдүк кылам деп, тескерисинче жоопкерсиздик кылбайт, катачылык кетирбейт деп ишенебиз.
Албетте карт тарыхыбызда кыргыздын асылдары көп эле болгон. Кийинкилерин эле алсак азыркы биз жашап жаткан мамлекетибиздин түрптөпүшүнө кезинде зор салым кошкон К. Тыныстанов, А. Сыдыков, И. Раззаков, Ж. Абдрахманов сыяктуу асыл эл башчыларыбыз болгон! .
Урматым менен Данияр Бусурманалы

Get real time updates directly on you device, subscribe now.