Алмаз Атамбаевдин уулу кимге бычак сайды?

0

5-майда КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков социалдык баракчасына колунан жарадар алганын кабарлап, анын сүрөтүн жарыялады. “Ранил руку” деп таңылган колун көрсөтүп, табышмактатып, тымызын бийликке шылтагандай түр жаратты. Бирок, бул боюнча башка сөз айтпады.

Эгер Т.Султанбековдун бир тал чачы кимдир-бирөө тарабынан түшүп калса деле кыйкырып чыкмак. Ушундай шылтоону издеп жүргөн неме көрсө колуна АШАнын уулунан бычак жептир.

Ишенимдүү булактар кабарлагандай, 3-май күнү Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков АШАнын үйүндө “майрамдаган”. Атамбаев айткандай “агынан” ашыра ичип алган немелер, сөз кызыгында пикирлери келишпей, кайым айтыша баштайт. “Сен үйлөнсөң тоюңа катышпаймын, эркек эмес экенсиң” деген сөздөр кимиси тарабынан айтылганын тактай албадык. Бирок Кадырга ачуу сөз айтып Темирлан ары караганда АШАнын  уулу колуна ашкананын бычагын сайып жиберет. Султанбеков чочкодой айкырганда жеке күзөтчүлөр жетип келет. Эс-учун жоготкончо ичкен  балдар  араң ажыратып, асман жара кыйкырып шолоктогон Темирланды сууга салып жүрүп соолуктурган дешет.

Бул тууралуу Беспредел.кg жазып чыкты.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.