Эстрада ырчылары Анжелика менен Асема бир командада иштеп жатышат. Тактап айтканда, “Апам жана мен” фонду менен биргеликте кайрымдуулук иш-чараларын ишке ашырышууда.
Буга чейин эки ырчынын ортосунда соцтармактар аркылуу кер-мур айтышуу болгон. Ырчылар учурда элдешип, чогуу түшкөн сүрөттөрүн чыгарышты.
Анжелика өзүнүн баракчасына Асема жана Алтынай Нарбаева болуп чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөп: “Бир туугандын ортосунда деле “чырт-чурт” болуп турат. Бүгүнкү күндө тушүнюөстүктөн дагы – аманчылык, ден-соолук биринчи орунда! Кечиришип алганга үлгүрүңүздөр.
Асем кыз. Апабыз сүйүнүп жатат.
Үч күндөн бери чогуу “Апам жана менде” элибизге кам көрүп жүрөбүз.” – деп билдирүү калтырган.
Ал эми Асема өз кезегинде: “Алтынай апа менен Анжелика сулуунун командасына кошулдум. Заряд отурса да, биздин энергиябыз ашып-ташат. Хейтерлер, жакшына болгулачы ай”, – деген билдирүү менен чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөдү.