БЕТ ЖОК ЭКЕН СИЛЕРДЕ, УРМАТТУУ ЭМЕС ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ!

0

Жарандык активист Акбалык Жумалиева социалдык баракчасына жогорку кеңешке катуу ачуулануусун бөлүштү.

«Беш жыл эшек такалап отуруп, бир күндө кыйраткандай 65 чала, чийки керексиз мыйзамдарыңарды кабыл алымыш болуп, кыйратып койгонсуп сыйлыктарды алып, бетиңер кызарбай каникулга тарап кеттиңер. Бет деген жок экен силерде. Элдин ушундай абалга келишине силер, силер кураган чала сабат, шөмтүрөгөн өкүмөтүңөр (!) биринчи кезекте СИЛЕР КҮНӨӨЛҮҮСҮҢӨР!
БЕТ ЖОК ЭКЕН СИЛЕРДЕ, УРМАТТУУ ЭМЕС ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ!
Эл азап тартууда. Кайта келип өзүңөр түзгөн өкмөтүнөргө кошулуп иштегиле!
Билебиз, силерди ооруканага жетпей бул дүйнөдө менен кош айтышып кетип аткан шордуу эл эмес, эртең шайлоодо кайра кантип келем деген ойлор кызыктырат. Бирөөңөрдү да көргүбүз жок!!! Жок болуп кетсеңер экен ылайым!»

Get real time updates directly on you device, subscribe now.