Президенттике талапкер Садыр Жапаров шайлоочулардан керектелүүчү кол топтоп БШКга тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта, Садыр Жапаров 58 миң 998 кол чогултканы айтылат.
Мыйзамга ылайык, бүгүн саат 23:59га чейин президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес кол чогултуп БШКга тапшырышы керек.