Мурда Өмүрбек Бабанов саясатка аралашпай тургандыгын жарыялап кетти эле. Бирок саясат дегениң өтө күчтүү магнит гана болбостон, балга чыланган магнит сыяктуу окшойт. Ошол сыяктуу Өмүрбек мырза деле саясаттан кете албай турган өңдөнүп калды окшойт. Бир топ саясий аналитиктер Бабанов каржылык жагын колдобосо “Республика” партиясынын аты-жыты чыкпай калат деп божомолдошкон. Бирок шайлоого даярдыктын алгачкы кадамдары баары бир Өмүрбек мырза ачык эле аралашып жатканданыгын көрсөтүп турат. Бир топ таасирдүү адамдар ушул партияны көздөп, аракеттерин башташты. Маселен буга чейин Ош облусу башкарып келген Узарбек Жылкыбаев өз каалоосу менен кызматын тапшырып, “Республика” партиясы менен депутат болуу аракетин баштаптыр. Партиянын буга чейинки кыймылдаткыч күчтөрүнөн болгон Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Максат Сабиров, Мирлан Жээнчороевдор демилгелүү иш-чараларын жүргүзуп жатышат. Эң негизгиси сырттан туруп бардык ишти Өмүрбек Бабанов координациялайт. Демек чын эле ошондой болсо бул партиянын каржылык мүмкүнчүлүгү бир топ эле кубаттуу болоорунан шек жок. Азыркы бийлик колдоого алган партиялар менен “Республика” чындап эле атаандаш болуп калабы? Орто жолдон дымы чыкпай калган “Республика” партиясы шайлоодо элдин көпчүлүк добушун алып кетеби? Андай болсо буга чейинки түзүлгөн сценарийлер бузулуп кете турган болуп калды.
ARGUMENT.KG