Балыкчы-Кочкор унаа жолунан 3 адам каза болду

0

Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 4-чакырымында 9-июлда болжол менен саат 10:00дө “Фолксваген-Пассат” жана “Шахман” жүк ташуучу унаалары сүзүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен алган жарааттарынан улам 3 адам каза болгон – 46 жаштагы эркек киши, 12 жаштагы бала жана 42 жаштагы аял киши. Ошондой эле 3 адам жабыркаган – 8 жаштагы кыз, 16 жаштагы жана 14 жаштагы балдар.

Жерине келген куткаруучулар жабыркагандарды, каза болгондорду унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүп берген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.