Башаламандыкка катышкан 3 миңдей киши кармалды

0

Беларустагы башаламандыкка катышкан 3 миңдей киши кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ИИМинин басма сөз кызматкери Telegram-канал аркылуу билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, миңдей адам Минскте, калганы өлкөнүн башка аймактарында кармалган.

Эске салсак, Беларустун президентин шайлоо боюнча добуш берүү аяктагандан кийин Минсктин борбордук бөлүгүндө кагылышуулар орун алган. Нааразычылык акциясына чыккандар алгач Жеңиш аянтына чогулган. Түн ортосунда күч түзүмдөрү элди сүрүп чыгарган. Башаламандыктын кесепетинен 50дөн ашуун адам жана 39 милиция кызматкери жаракат алган.

Беларуста президенттик шайлоо болуп, анын алдын ала жыйынтыгы боюнча Лукашенко 80,23% добуш алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн БШКсы билдирди.

БШКнын маалыматына караганда, Тихановскаяга 574 миң адам добуш берген, бул 9,9 пайызды түзөт.

БШКнын жетекчисинин айтымында, президенттик шайлоого 5 миллион 790 миң адам катышкан, катышуу 84,23 пайызды түзгөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.