Бишкекте коранавирустун экинчи толкуну башталдыбы?

0

Бишкекте бир-эки жуманын ичинде коронавирустун экинчи толкуну жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эгер жагдай ушундай нукта боло турган болсо, адамдардын жана транспорттук кыймылга кайрадан чектөө коюлат. “Эгер шаардыктар эржелерди сактабаса, бир-эки жуманын ичинде вирустун экинчи толкунуна кабылышыбыз мүмкүн. Анда кайрадан кыймылды чектөөгө туура келет. Мен дагы бир ирет баарыңарды коопсуздук эрежелерин, обочолонуу принциптерин, аралыкты сактоого чакырам”, — деди Үсөнбаев.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.