Жүз жаштагы энеге сексен жаштагы келини ак жоолук салды

0


Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын тургуну Дүйшекеева Сейдекан апа 100 жашка толду. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кылым карыткан ападан кабар алып жазып чыкты.

«Өзүм ушул эле Аң-Өстөн айылынын кызымын. Атам согушка кетип кайтпай калды. Биз 3 бир тууган элек. Апам ыраматылык бизди багып, андагы ачкачылык кыйын күндөр дайыма эсимде. Апама жардам берип турдук. Канча жыл согушка кеткен атамды күттүк, бирок дайынсыз болуп, кайтып келген жок. Согуш жылдарында эс тартып калган кызмын, оорукта иштеп, түнү чыгып апийим отоп эмгек кылдык.

Жолдошум экөөбүз классташбыз. Сүйлөшүп бири-бирибизди сыйлап, кыз-жигит убагынан да өттүк. Анан баш коштук. Абышкам иштерман эле, бирге оорукта эмгектенип, кийин чарбанын малын багып жүрдүк. 2 уул, 1 кыздуу болдук. Айылда көп эле келинге жоолук салдым. Акжолтой келин болсун деп мага салдырышчу. Бир кызык учур эсиме келди.

Бир күнү айылдагы кайын иним колукту алып келди деп мени чакырышты. Адатымдай ак жоолугумду көтөрүп салайын деп бардым. Ал келген жаш келин мугалим экен. 3 жолу салдырбай кыз кылыгын көрсөттү. Анан мен «таш түшкөн жери оор, ушул жерден өнүп-өсөсүң» деп салдым. Ошол бойдон жоолукту башынан алган жок. Азыр 10 баланын энеси болду. Жеңе деп эки күндө бир келип, жүз көрүшүп, акылдашып турабыз. Басканым тың, балдарыма күч кыла көрбө деп жараткандан жалынып бактылуу карылыктын доорунда өмүр сүрүп келем», — деди ал.
Сейдекан апа жоолук салган мугалим келини Майрамкүл Жумаева учурда 80 жашка чыкты. Ал жеңесинин 100 жаш кутман курагы менен куттуктап, жоолук белек кылды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.