«Илиястын ырын» жазган Жолдошбек Бузурманкулов дүйнөдөн кайтты

0

Акын, журналист Жолдошбек Бузурманкулов 74 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун жакындарынын айтымында ал акыркы күндөрү ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

Жолдошбек Бузурманкулов 1946-жылы Талас облусунда туулган. Эмгек жолунун 33 жылын милицияга арнаган. ИИМдин басма сөз кызматында иштеп жүрүп, 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүндө иштеп жүргөн.

Жолдошбек Бусурманкулов даңазалуу «Долондон канатымды кайрып алдым» («Илиястын ыры»), «Жүрөккө сүйүү из салса» аттуу обондуу ырлардын сөзүн жазган. (ZKo)

Get real time updates directly on you device, subscribe now.