Кимсановдун жакындары президенттен жардам сурашууда

0

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун жакындары президент Сооронбай Жээнбековго видео аркылуу кайрылышты. Алар Кимсановдун аялы жана төрт баласы коркутууга кабылып жатканын билдиришүүдө.

Буга чейин «Жарандык көзөмөл комитети» да Кимсановго окшогон ири коррупциялык иштердин негизги күбөсүн коргоп калыш үчүн президентке кайрылуу жолдогон. Бирок укук коргоочулар менен Кимсановдун туугандары бийлик тарабына буга эч кандай реакция болбой жатканын белгилеп жатышат.

4-майда «Фейсбукта» жарыяланган кайрылуу тасмадан 30дай кишини, арасынан карыяларды көрүүгө болот. Алар Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары. Чогулгандар Кимсанов негизсиз куугунтукталып жатканын айтып, президенттен иштин калыс чечилишине жардам сурашты.Бул тууралуу азаттык жазып чыкты.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.