Коранавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор

0

 Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, анын ичинен алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда ооруканаларда абалы орто деп бааланган 47 бейтап дарыланууда. Канааттандыраарлык абалда 185 адам жатат.

Коронавирусту аныктоо үчүн 5-февралдан бери өлкөнүн лабораторияларында 57 109 анализ жүргүзүлгөн.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.