Кызыл көйнөкчөн кыздай көрүмчү кара троллейбус шаар аралап жүрөт

1

Ар бир шаардын же айылдардын өзүнүн уламыштары бар.  Бишкектин дагы өзүнүн шаардык уламыш-жомоктору бар.  Бул уламыштар интернет айдыңында көбүрөөк айтылууда.

Коркунучтуу окуялардын арасында унаага байланышкан окуялар көп. Мисалы көл тараптан келе жатканда көрүнгөн «Кызыл көйнөчөн кыз» тууралуу тасма да тартылып кетти.   Шаардыктар жеке менчик унаалары, маршурткалар жана троллейбустар менен гана жүрүшөт. Бирок ушундай аз түрдөгү унаа каражаттары болсо дагы Бишкектин өзүнүн уламыштары бар. Тактап айтсак, бул уламыш советтик Фрунзенин учурунда эле айтылып келген.

Бул уламыштын кайдан чыкканы белгисиз бирок эң аз дегенде эки версия бар.

Биринчи вариантта троллейбуска байланышкан оор жол кырсыгы себепкер экени айтылат.

Экинчи версия боюнча бир жолу туман басып турган кыштын кечинде бир аз жүргүнчүлөрү бар троллейбус кондуктор жана айдоочусу менен түшүнүксүз эле жоголуп кеткен экен. Ошондон тартып шаардын көчөлөрүндө көрүмчү троллейбус пайда болуп кезектеги курмандыгын издейт имиш.

Бул балким уккан кишиге күлкүлүү угулаар ошого карбай интернетте тараган Бишкек тууралуу коркунучтуу окуялардын бири. Мындан тышкары бул уламышты шаардын улуу тургундары тарабынан айрыкча 90-жылдарда көп айтышчу.

Аталган уламышка таянсак, кара троллейбус жолдо үнсүз жүрөт жана аны түн ичинде кездештирүүгө болот. Өзүнүн курмандыгы катары ал троллейбуска начар көз карашта караган адамдарды, жаман кондукторлорду, сөгүнчөөк айдоочуларды тандайт экен.

Көрүмчү троллейбус жалгыз адамдарга кезигет

Троллейбус жүргүнчү аялдамада жалгыз турганда жана көчөдө эл жок ээн кезде келет экен. Кара троллейбус бул жерде атайын курулган линия барбы жокпу бурчтан бурулуп чыга калат. Уламыш айткандардын айтымында, сырдуу транспорт пайда болгондо анын курмандыгынын алы куруп, бир жакка баргысы келбей калат экен, бирок кандайдыр бир сезилбеген күч аны ордунан жылдырбай кармайт. Көчө жана шаар бул учурда башка бир шаарга алмашып калгандай таасир калтырат. Бирок кандай көрүнүштө болору эч кимге так белгилүү эмес. Адам ичкериге кирер замат эшиктер үнсүз жабылып, троллейбус жолго чыгат. Салондо эч ким жок. Кондуктор менен айдоочунун ордунда жан киши жок.  Уламышта айтылгандай, бул троллейбустан чыгып кетүүнүн жалгыз жолу адам троллейбус бир нече аялдамага барганча эмне болуп жатканын дароо аңдап калышы керек жана колунан келсе терезени талкалап андан секирүүсү зарыл. Болбосо транспорт жүргүнчүнү салып алып кайда кеткени белгисиз дайынсыз жакка алып кетет имиш.

 

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.