Майдын аягында кыргызстанда коранавирус токтоору болжолдонууда

0

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун күч алган учуру 20-24-апрелде болот деген божомолун билдирген. Карантиндин өз учурунда киргизилүүсү, элдин изоляцияда калып, жеке гигиенаны сактоо тартиби, медицина кызматкерлеринин күжүрмөн эмгегинин натыйжасында оору бул убактан эртерээк басаңдады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда брифингде билдирди. Анын айтымында, бул аракеттердин негизинде коронавирус жуктурган адамдар да мурда болжолдонгондон кыйла аз катталды:

«Коронавирус катталган күндөн берки бешинчи жумада оору көрсөткүчтөрү төмөндөй баштады. Акыркы беш күндө 87 адам катталды. Бул мурунку беш күнгө салыштырмалуу 9 адамга аз. Биздин божомол боюнча май айынын аягына барып, оору күн сайын катталбай калат. Ошону менен майдын акырында оору токтойт деген божомолубуз бар».

Get real time updates directly on you device, subscribe now.