Конституциялык жыйында мектеп окуучуларын 11-класска чейин окууга милдеттендирүү сунушталды. Бул тууралуу Каныбек Осмоналиев пленардык жыйында билдирди.
Анын айтымында, негизги жалпы билим берүү милдеттүү деп айтылган 43-беренеге толуктоо киргизүү керек.
“Орто билим милдеттүү экендигин белгилөө керек. Бүгүн көпчүлүк мектеп окуучулары 9-класстан кийин окууну таштап коюшат. Жогорку билимди милдеттүү түрдө кабыл алган өлкөлөр бар. Эгерде мындай түзөтүү белгиленсе, мамлекет жана ата-энелер балдарга орто билим берүүгө милдеттүү. Бул жаштардын дүйнө таанымын калыптандырууда өтө маанилүү”, – деди Каныбек Осмоналиев.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда президенттин пайдасына жаңы ченемдерди киргизген Конституциянын долбоорун коомдук талкууга 80 депутаттан турган топ сунуштаган.