Орусияда 38 кыргызстандык мигранттан коранавирус аныкталган

0


Орусиянын Псков облусунда курулушта иштеген 38 кыргызстандыктан коронавирус табылганын аймактын башкы санитардык дарыгери Александр Нестеруктун айтканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.  

Орусиянын Псков облусуна караштуу Новосокольнический районунда инфекциялык оорукананын курулушунда иштеп жаткандар экени, Псков облусуна 21-22-апрелде барганы айтылат. Бул тууралуу Абал кж жазып чыкты.

Облус губернатору Михаил Ведерников мурдараак жалпысынан 41 жумушчу барганын, алардын 16сынан коронавирус табылганын кабарлаган.

Райондун депутаты Ирина Ершова мигранттар баргандан кийин эки апта изоляцияга алынбаганын айтып чыккан жана бул үчүн күч органдарынан иликтөө жүргүзүүнү талап кылган. Ал эми Россиядагы Кыргызстандын элчилиги бул тууралуу маалымат бере элек

Get real time updates directly on you device, subscribe now.