Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Рита Карасартова кызматын өз каалоосу боюнча тапшыруу тууралуу арыз жазды. Бул жөнүндө ал “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазып, арызынын сүрөтүн жайгаштырды.
“Окуу жылын аяктап, өз каалоом менен кетүү тууралуу арыз жаздым. Жарандык активизмге салам айтам! Жашоо сабагы үчүн өкмөткө рахмат”.
Коомчулукка жарандык активист катары кеңири таанылган Карасартова бул кызматка 2019-жылдын декабрында дайындалган.
Ал социалдык түйүндөр аркылуу кесиптик окуу жайларынын көйгөйлөрү жана ийгиликтери тууралуу маалымдап, сунуш-пикирлерин жазып турган.
Карасартова жарандык активист катары сот, укук тармагындагы көйгөйлөрдү ачык айтып, түрдүү акцияларга катышып келгени менен белгилүү.
Булак Азаттык