“Супер-Инфо” гезитинин дизайнери дүйнө салды

0

“Супер-Инфо” гезитинин дизайнери Азамат Сагынбаев 6-майдын түнүндө узакка созулган оорудан улам мезгилсиз дүйнө салды. Кесиптешибиз соӊку жарым жылдан бери ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткан.

Азамат Сагынбаев 1981-жылы, 16-июлда төрөлгөн. Бул жылы 39 жашка чыкмак. Ал “Супер-Инфо” гезити түптөлгөндөн бери дизайнерлик кесипти аркалап келе жаткан, өз иши менен далайларды суктанткан. Азаматтын жетегинде иштеген дизайнерлер тобунун эмгегинин арты менен “Супер-Инфо” бир нече ирет мыкты жасалгаланган гезит катары сыйлыктарга ээ болгон. Ал өз ишин сүйгөн, таланттуу, жоопкерчиликтүү, адамгерчилиги бийик инсан эле. Артында апасы, жакындары, жубайы жана 3 баласы калды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.