Тоң районунда анализинен кечээ, 5-июлда коронавирус аныкталган 1983-жылы туулган келин 1-июлда каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ыкчам штаб билдирди.
Маркум 23-июнда Тоң районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна ичинде өспөй калган түйүлдүк жана катаралдык оорулар менен кайрылган. Ыкчам түрдө операция жасалган. Түйүлдүктүн ичинен өлүп калышы, стационардан тышкаркы экслампсия (кош бойлуу кезде пайда болуучу оору) диагноздору коюлган.
Дене табы жогорулап, дем жетпей жаткандыктан 1-июлда коронавируска анализ алынган жана келин ошол эле күнү каза болуп калган. Анализинин жыйынтыгы кечээ, 5-июлда чыгып, COVID-19 илдети тастыкталган.
Маркум жалпы 21 адам менен байланышта болгон.Булак Турмуш кж
Sign in