Түрк улутундагы мырза бриллиант шакек белек кылган Сания жигити тууралуу кеп салды

0

Ырчы Саниа учурда чыгармачылыгын Түркияда улантып жаткандыгы маалым. Аталган өлкөдө түрк тилинде ыр жаздырып ага клип тарттыруунун үстүнөн иштеп жаткан ырчы айым жеке жашоосу тууралуу дагы маалымат берди:

Учурда 4 жыл мурун сахналаш досум тааныштырган Нурель аттуу Алайлык жигит менен мамилебиз достук жана сүйүүнүн ортосунда болуп жатат. Анткени мен Түркияда, ал Кыргызстанда. Буюрса, жолдор ачылса Кыргызстанга барам. Ошондо ортобуздагы сезимдер так билинет. Ал дайыма менин маанайымды көтөргөнү үчүн аны “улыбашка”, ал мени “любажайка” деп эркелетет”,- дейт ал.

Эске салсак, буга чейин Исмаил Али деген түрк ултундагы мырза ырчы айымдын туулган күнүмдө бриллиант шакек белек кылып, колун сураган эле. Бирок, ал анын сунушун четке кагып, чыгармачылыкты тандаган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.