Ырчы Азиз Батыров жан шеригинин сүрөтү менен ага арнаган ырын жарыялады

0

Түбөлүктүү жан шеригим

Карай берем бакыт толгон көз менен,
Кызганчумун башкалардан, өзгөдөн.
Сагынычым артып барат ансайын,
Чын сүйүүгө жолуккандай өңдөнөм

Жашыл шибер, көк мейкиндин өзү сен.
Кубантасың муңкангансып, кейисем.
Жараткандын буйруп берген белеги,
Таң зарынан өөп турган көзүмөн!

Аткан күндүн батканы да сен менен,
Бакыт сенсиң канатымды теңдеген.
Сен болбосоң учаар белем алыска?!
Жаның үрөп кошпогондо демге-дем.

Карайласам маңдайыма нур болуп,
Жанып кетем жан дүйнөмө кут толуп.
Жүрөлүчү жетелешип арыбай,
Мен өзүңө, а сен мага кам көрүп!

Авт: @guljamal.alieva
Super Photo от: @omoshov_as

Get real time updates directly on you device, subscribe now.