20жаштагы кыз мас абалында 4 кабаттан кулап түштү

0

Кечээ, 9-августта Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринен 4-кабаттан 20 жаштагы кыз кулап кетип, ооруканага жеткирилди.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, окуя түнкү саат 02:00 чамасында Н.Айтматова көчөсүндө болгон. Кулаган кыз чыңыргандан улам жашоочулар сыртка чыгышкан.

«4-кабаттан кулады, соо калбаса керек деп ойлодук. Шүгүр, аман калыптыр. Тез жардам кызматы алып кетти», — деди алар.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, шаар тургуну Ю.М. мас абалда терезеден кулап кеткен.

«Бул факт Жалал-Абад ШИИБде өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасоо болуп катталган. Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында М.Ю. мас абалда башы айланып, кокустан кулап кеткенин жана бул окуя боюнча эч кимге доосу жок экенин билдирген» — деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу облустук клиникалык ооруканада дарыланууда. Ага баш мээси чайкалган деген диагноз коюлду. Учурда абалы жакшы, дарыланып жатат.

Турмуш

Get real time updates directly on you device, subscribe now.