10-августта КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капурду кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, санкция маселелери боюнча өз ара аракеттенүү, ошондой эле визалык жол-жоболорго жана визалык кепилдик төлөмдөрүн киргизүүгө байланыштуу айрым маселелерди талкуулашты.
Көп тараптуу кызматташтык жана эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсү маселелерине көңүл бурулду. Америка тарап Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Тараптар ошондой эле алдыдагы байланыштарды жана эки тараптуу иш-чаралардын графигин талкуулап, саясий диалогду сактоого жана кыргыз-америка мамилелерин бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты.