Министрлер кабинети Ысык-Көл районунда «Асман» экологиялык шаарын долбоорлоо жана куруу үчүн 653,87 гектар мамлекеттик жерди калктуу конуштардын жерлеринин категориясына өткөрдү.
Жер тилкелери Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын аймагында жайгашкан. Анын 457,99 гектары айыл чарба багытындагы жерлерге, дагы 195,88 гектары мамлекеттик токой фондунун жерлерине тиешелүү болгон.
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына жер документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бул аймактар үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгуу тапшырылды.
Келечектеги шаардын коопсуздугуна байланыштуу бир катар талаптар да белгиленди. Атап айтканда, жаан-чачын жана кар эригенден пайда болгон сууларды агызуу системасын уюштуруу, жер титирөөдөн коргонуу чараларын көрүү жана кооптуу жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзүү каралууда.
Жер казуу жана курулуш иштеринде экологиялык жана санитардык талаптар сакталууга тийиш. Эгерде аймактан тарыхый-маданий мурастар табылса, археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Мындай иштерди көзөмөлдөө үчүн археолог адисти тартуу каралган.
Бөлүнгөн жер тилкелери максаттуу пайдаланылбаса, бийлик органдары аларды баштапкы абалына кайтаруу боюнча чараларды көрүшү керек.