Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургундары менен жолугушууда эки айдан кийин Кыргызстан боюнча целлофан баштыктарга тыюу салынарын билдирди.
Жолугушууда мамлекет башчысына Бөкөнбаев айылынын тургуну, жеке ишкер Эдил аттуу жаран кайрылды. Ал 2023-жылы президенттин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жарлыгы чыккандан кийин Кытайдан крафт кагаз баштыктарын чыгарган ишкана ачышканын айтып берди.
«Биздин негизги багытыбыз Ысык-Көл облусу болгон. Облус боюнча баштыктарды таратып, дүкөндөрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз. Мамлекет тарабынан колдоо болбогондуктан, алгачкы эки жылда көпчүлүк крафт баштыктарга өткөнү менен, текшерүүлөр жүргүзүлүп турган. Бирок азыр кайрадан баары целлофан баштыктарды колдонууга өтүп кетишти», — деди ишкер.
Анын сөзүн президент Садыр Жапаров бөлүп, 1-январдан тартып республика боюнча целлофан баштыктарга тыюу салынарын айтты.
«Эки айдан кийин Кыргызстан боюнча тыюу киргизилет. Чүй, Ысык-Көл облустарында, зарыл болсо Ош, Жалал-Абад жана башка аймактарда да өндүрүштү ачыңыз», — деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле Садыр Жапаров ишкерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн белгилеп, аны өзү кабыл алып, тиешелүү тапшырмаларды берерин билдирди.
Белгилей кетсек, 2027-жылдан тартып Кыргызстанда полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында колдонууга уруксат берилген буюмдардын тизмесине кирбеген полимер пленкасынан жасалган баштыктарды соода жана тейлөө тармактарында акысыз таратууга да чектөө киргизилет.
2023-жылдан бери өлкөдө мыйзам деңгээлинде Ысык-Көл облусунда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айрым пластик буюмдардын жана полимер пленкасынан жасалган баштыктардын жүгүртүлүшүнө чектөө киргизилген.