COVID-19 вирусунан 69 жаштагы бейтап каза болду

0

Өткөн сутка ичинде Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 69 жаштагы бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 “Анда пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана баш мээсинде шишик долгон. Мындан тышкары бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу,” — дейт Үсөнбаев.

 Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан 11 адам каза болду.

 5-майга карата ооруга кабылгандардын саны 843кө жетти.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.